Без рубрики

Украинада президенттикке талапкерлер кан тапшырышты

3-апрелде Зеленский Порошенкону чакырып өз шарттарын айтты. Алардын бирөөсү өлкөнү аракеч эмес инсан башкаруусу керек

Бул талаптарга макул болгон Порошенко жана Зеленский өзү учурда анализ тапшырышты. Порошенконун анализинин жыйынтыгы чыкты, тагыраак айтканда, психотроптуу заттар анын организминде жок. Ал эми Зеленскийдин анализинин жыйынтыгы уч күндөн кийин чыгат.

Эскерте кетсек 31-мартта өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы менен биринчи айлампада 31,2% менен Зеленский алдыга чыккан. Ал эми Порошенко болсо 16% менен экинчи орунда. Украинадагы президенттик шайлоонун экинчи туру 21-апрелге коюлган. Украинанын мыйзамы боюнча, эгерде экинчи айлампада кайсы талапкер көбүрөөк добуш алса, анда ал өлкө президенти болмокчу. Эгер эки талапкерге берилген добуштардын саны бирдей болуп калса, анда шайлоонун үчүнчү туру жарыяланат.