Все новости

Улуттук госпиталдын башкы дарыгерине кылмыш иши козголду

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Динара Сагинбаевага Кылмыш-жаза кодексинин «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду

«Сагинбаева кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып Иманбаеваны 2018-жылы жумуштан алып салган. Иманбаева соттон утуп чыгып, кайра өз ордуна дайындалган. Көп өтпөй кайрадан сөгүш берген. Бирок буга эч кандай негиздер жок болгондуктан Иманбаева РИИБге арыз менен кайрылды» — деп билдирет улуттук госпиталдын дарыгери Иманбаеванын жактоочусу.

Март айында «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, сотко чейинки териштирүү башталган.
Эске сала кетсек 28-январда Улуттук госпиталдын №1- көз микрохирургия бөлүмүнүн жамааты Ак Үйдүн алдына митингге чыгып, бөлүм жетекчиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып кызматтан алынгандыгын айтышкан.