Без рубрики

Уран чыр-чатагы. Дагы митинг

Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы Бишкек шаарында 15 чакты киши наарачылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу жарандык активист, акциянын катышуучусу Аманбол Бабакулов билдирди.

«Балыкчы шаарынан келген жарандык активисттер «уран кенин иштетүүгө эл уруксат берген эмес» — деп айтып жатышат. Алар кенди иштетүүгө каршы. Эл уруксат бергени тууралуу маалыматтар калп деп айтышты» — деп билдирет Бабакулов.
Жарандык автивисттин айтымында, май айында уран кенине каршы масштабдуу акцияларды өткөрүү пландалып жатат.

Кенди чалгындап жаткан «Юразия в Кыргызстане» ЖЧКсы Орусия менен Кыргызстандын биргелешкен компаниясы болуп санала тургандыгы маалым болду. Анын 60 пайызына орусиялыктар ээлик кылса, 40 пайызы Кыргызстанга таандык.
Кенди чалгындоо үчүн лицензия 2010-жылы алынган. Чалгындоо иши 2012-жылы башталган. Лицензиянын мөөнөтү 2020-жылы, 31-декабрда бүтөт.
2015-жылы Кызыл-Омполдун Таш-Булак тоо-кен участкасында 1632 тонна уран, 3338 тонна торий, 33800 тонна циркний жана 4102 тонна титан магнитинин запасы бар экени аныкталган.

Буга чейин көп жолу нааразычылык акциялары менен катар чоң митингдер болгонуна байланыштуу маселени иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Ага кирген курам 20-апрелде жергиликтүү тургундар менен жолуккан учурда, айылдыктар кенди иштетпөө тууралуу талап коюшту.