Без рубрики

Уран казууга каршы 29 298 адам кол койду

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы эркин журналист Алена Хоменко баштаган уран казууга каршы онлайн-петицияга 29298 жаран кол койду деп билдирет Азаттык   үналгысы.

«Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга онлайн түрүндө кол топтоо 22-апрелде башталган. Алена Хоменко петицияга 35 миң кишинин колун топтоону максат кылганын айткан.

Буга чейин жергиликтүү тургундар Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы акцияга чыгышкан. 26-апрелде Бишкекте уран казууга каршы болгондор митингге чыгышкан.

Кыргыз өкмөтү Ысык-Көлдөгү уран кени жабыла турганын жарыялаган. «Бирок уран казуу иши жашыруун жүргөн» деп күмөн санаган айрым коомчулук өкүлдөрү өкмөттүн бул убадасына ишенбей келет.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 24-апрелде парламентте уран кенинде иштеп жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы 2004-жылы каттоодон өткөнүн, 2010-жылы кенди геологиялык изилдөөгө уруксат алганын билдирген.

2012-2014-жана 2015-жылы лицензиялык келишим узартылган.