Все новости

Уран казууга мараторий киргизүү сунушталды

“Ата Мекен” парламенттик фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов жана “Бир Болдун” жетекчиси Алтынбек Сулайманов уранды изилдөө менен казууга мараторийди 2070-жылга чейин киргизүүнү сунушташты. Бул туурасында Азаттык Үналгысы жазды

Эл өкүлдөрү сунуштап жаткан мыйзам долбоору “Кыргызстанда уран кенин изилдөөгө, чалгындоого жана казууга 2070-жылга чейин мораторий киргизүү боюнча” мыйзам деп аталат.

“Уран бул өтө кымбат кен байлык. Бирок, андан чыккан радиация экологияга жана адамдын ден соолугуна эбегейсиз коркунуч алып келет. Ошондуктан 2070-жылга чейин мороторий киргизип койсок эч ким муну буза албайт. Эл буга жол бербейт. Ал эми 2070-жылдан кийин жаңы доор келет. Анда эң акыркы технология менен жаңы урпак өзү казып алсын”- деп билдирди Алмамбет Шыкмаматов.

Эске салсак, 22-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кызыл-Омпол уран кенинин ишин экологиялык экспертиза аяктаганга чейин убактылуу токтотуп турууну тапшырган.

Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы маанай соңку күндөрү күчөдү. Жарандык активисттер «Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга онлайн түрүндө кол чогултуп жатышат.