Все новости

Уранга каршы чыккан митингчилер саясатчыларды кубалады

Уран казууга каршы чыккан жарандык активисттер саясатчылдарды митингге келип өзүн көрсөткүсү келген катары баалап, кетүүсүн талап кылышты

Алар негизинен Равшан Жээнбеков менен Алмамбет Шыкмаматовко сөз бербей, кубалаганга аракет кылышты.

«Уран чырын биздин Өкмөт чече албайт.Бул маселе эл аралык сотто чечилет. Кыргызстанда уран каза албай калган компания эми эл аралык сотко кайрылаары турган иш. Ушул жагдайды айтып коеюн десем мага микрофонду бербей коюшту. Митингди көзөмөлдөө үчүн башка күчтөр да жүрүшөт бул жерде. Өкмөт буга чейин мыйзамдуу түрдө эле уруксат берип салган окшойт уран казам дегендерге. Бул маселе өтө эле саясатташып кетти. Мен бул митингди уюштуруучулардын бири болом»-деди Равшан Жээнбеков журналисттерге берген интервьюсунда.

Равшан Жээнбековду митингге катыштырбай кубалагандар «Элибиз акылдуу, баары эсибизде» деп айтып, аянттан кетип калышын сурашты. Жыйынтыгында, ызырынган жарандардан Равшан Жээнбеков алыстап кетти.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов менен Алтынбек Сулайманов уранды 2070-жылга чейин казууга уруксат берилбеши боюнча мыйзам долбоорун демилгелешкен.

Бүгүнкү митингде Алмамбет Шыкмаматовко да микрофон берилбей, элдин арты менен өзүн пиар кылгысы келгени эле келди деген шек менен депутатты да кубалаганга аракет кылышты.

Шыкмаматов демилгеленген долбоорду айтып актангысы келди эле, митингчилер резолюцияга кол коюп тарай башташты.

Эске салсак, бүгүн, 26-апрелде Жогорку Кеңештин алдында башталган уран казууга каршы митинг Ала-Тоо аянтында уланды. Акцияга 200 дөн ашык жарандар чогулуп, уранды казууга каршы мыйзам кабыл алынышын талап кылышты.