Все новости

Уранга каршы митинг Бишкектеги борбордук аянтта өтүп жатат

Буга чейин белгиленген уранга каршы митинг азыр Бишкекте өтүп жатат. Ага 400дөн ашык адам чогулган

Митингдин катышуучулары эртең мененки саат 10:00 дө Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чогулушту.

Митингчилердин колунда «Кыргызстан уранга каршы», «Ыссык-Көл ыйык көл», «Ыссык-Көл урансыз», «Кыргыз жери урансыз», «Биз уранды казганга каршыбыз», «Уранга жол жок» деген плакаттарды көрсө болот.

Митингчилердин арасында Чолпон Жакупова, Равшан Жээнбеков, Азиза Абдирасулова, Кылычбек Султан, Рита Карасартова, Расул Умбеталиев, Динара Ошурахунова, Гульнара Журабаева, Калича Умуралиева,Атыр Абдырахматова, Адиль Турдукулов жана башка уранды каздырууга каршылигин билдирген шаар тургундары чыгышты.
«Өлкөбүздө уранды казуу жана кайра иштетүүгө тыю салуу жөнүндөгү мыйзамды талап кылабыз» деген жазуусу бар божомол менен узундугу 10 метрлик плакатты көтөргөн митингдин катышуучулары Жогорку Кеңештен ары Ала-Тоо аянтын көздөй жөнөштү.

Борбордук аянтта чогулган акция катышуучулары 1986-жылдын 26-апрелде болгон Чернобыль шаарындагы кайгылуу окуяны бир мүнот унчукпай туруу менен эскеришти.
Митинг андан ары уланып, эксперттер, укук коргоочулар, саясатчылар жана журналисттерге сөз берилип, алар урандын зыяндуулугун айтып, буга чейинки адам өмүрүнө зыян алып келген уулуу заттардан улам 20миңден ашуун жарандар майып болгонун белгилешти.
Митинг азыр да уланууда.