Все новости

Валентина Шевченко чапандуу болду

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Валентина Шевченкону кабыл алып, белектерди тартуу кылды

Парламент спикери менен болгон жолугушууга спортчунун энеси Елена Шевченко, машыктыруучусу Павел Федотов жана бүткүл дүйнөлүк эр-таймаш кулатуу федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев катышты.

Төрага Валентинанын энеси Елена Шевченкого жана машыктыруучусу Павел Федотовго Жогорку Кеңештин энчилүү саатын ыйгарып, ал эми спортчуга шырылып тигилген улуттук чапан белек кылды. Валентина – Шевченколордун үй-бүлөөсүндөгү кичүү кызы. Улуу кызы Антонина да мушкердик өнөр менен алектенет. Ал 20-апрелде өтүүчү кезектеги таймаш үчүн машыгып жаткан учуру.

Валентина Шевченко ар кыл таланттын ээси катары да таанымал. Анын Кыргызстандын кооз табияты жана “Манас” эпосунун каармандарын чагылдырган картиналары да интернет каражаттарына жарыяланып келет. Аз 31 жашта. UFCнин жеңил салмактагы чемпиондугун жеңип алып, дүйнөдөгү күчтүү кыз аталды.

Валентина Шевченко Кыргызстанга кечээ, 8-апрелде келди. Чемпионду «Манас» аэропортунан жакындары жана күйөрмандары салтанаттуу тосуп алышты. Эртең чемпион Ош шаарына сапар алмакчы.

 

[masterslider id=»9″]