Без рубрики

ВИДЕО: Валентина Шевченко жана анын эжеси Антонина эл алдында спарринг өткөрдү

 

Кечээ 17-апрель күнү Санкт-Петербург шаарында UFC on ESPN+ 7 турниринин катышуучулары ачык машыгуу өткөрдү. Белгилей кетсек бул турнир ушул эле шаарда 20-апрель күнү өтөт.

Антонина Шевченко белгиленген 8 мүнөттө машыгуусун көрсөтүп, машыктыруучусу Павел Федотов менен кармашты.

Андан соң бир тууганы Валентина Шевченко менен спарринге чыгып эл алдында эже сиңди шоу көрсөткөн.

Алдыда боло турган беттеште Антонина америкалык Роксанна Модаффери менен күч сынашат.