15-апрель күнү түндөсү белгисиз адамдар “Коопсуз шаар” долбоорунуни негизинде орнотулган тасмага тартчу камераны аткылап бузуп кетишкени маалым болду
Иштен чыккан камера экспертизага жөнөтүлдү деп билдирди долбоорду ишке ашырып жаткан “Вега” компаниясы.
“Ок атылган камера 15-апрельде иштеп башташы керек эле.Бирок аны аткылап иштен чыгарып салышты. Ошол эле күнү ал камераны алып салып ордуна жаңысын орнотконбуз” – деп билдиришти “Вега” компаниянын өкүлдөрү.
Иштен чыгарылган камерадан келип түшкөн зыян экспертизанын жыйынтында анык болот.
Социалдык тармактарга сынган камераны текшерүү учуру жүктөлгөн видео тарады.Ага жазылган ой-пикирлердин божомолунда камераны ок атуучу курал менен атышкан.