Все новости

Видео:Алмамбет Шыкмаматов: Уранды казуу Ыссык-Көлгө,Нарынга жана Кеминге чоң кедергисин тийгизет

Парламенттеги “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Кызыл-Омполдогу уран казып алуу иш-чарасына уруксат берүү иштери жашыруун жүргөндүгүн айтты

“Эгерде маселе ачык болгон болсо уран казып алчу компаниялар туурасындагы маалымат ошол эле өнөр-жай,энергетика жана жаратылышты пайдалануу мамлекеттик комитетинин же болбосо Өкмөттүн расмий сайтына жазылат эле. Кызыл-Омполдо уранды казып алуу боюнча уруксат кагаздары 2010-жылы эле берилген деп жүрөт.

Демек, бул жашыруун процедура болгон. Эл көтөрүлүп чыккандыгы үчүн гана коомчулук билип жатат.Ага чейин эч кимге айтылбай, жашырып келишкен”- деди Алмамбет Шыкмаматов.

Уран казууну улантуу бул чыккынчылык деп айтты депутат.
“Кыргызстанда Миң-Куш,Айдаркен жана Кажы-Сайда Советтер Союзунан калган көптөгөн хвостохранилищелер бар. Элибиз 25-30 жылдан бери ошол чоң көйгөйлөрдү чече албай, экологиялык катастрофадан коркуп жашап келе жатканда андан да чоң проблеманы башыбызга үйбөшүбүз керек”-деди депутат.

Андан сырткары эл өкүлү уранды казып алууда бай компаниялар каражатын аяп шахта түрүндө эмес, ачык эле жол менен казышаарын айтты. Ошондой эле уран казуу боюнча маселени Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңеште көтөрөөрүн билдирди.