Без рубрики

Видео:Ош базарындагы башаламандык токтой элек

Бугүн түшкү саат 12лер чамасында Ош базарындагы азык-түлүк жана тамак-аш дүңүнөн сатылчу жайында дагы башаламандык болду деп билдиришти окуянын күбөлөрү

Алардын айтымында Ош базарына кирчү дарбазалар жабылып, “Берекет” ишканасынын кайтаруучу күзөтчүлөрү эч кимди соода жайына киргизбей коюшту.
Чөнтөк телефонуна окуяны тартып алган күбө тасманы социалдык тармакка жүктөп, Ош базардын тегерегиндеги көп кабаттуу турак үйлөрдө электр жарыгы өчүрүлүп, суу берүү да токтотулганын айтты.

“Саат 12:30 болду. Биз Ош базарынын жанындагы 12 кабат үйдүн жашоочуларыбыз. Ош базарынын дүңүнөң соода кылчу жайынын дарбазасын ушул жерде иштеген күзөтчүлөр жаап алып,эч кимди киргизбей жатышат. Соодагерлер мындай кырдаалды түшүнбөй үрөйү учуп дарбазага жакка топтолушту.”-деп билдирди белгисиз күбө.
Эске салсак, 2019-жылга чейин Ош базарында төрт жолу ири өрт кырсыгы болуп, соодагерлер көптөгөн чыгымга учураган.Натыйжада, Ош базарынын жеткечилиги жаңы имарат куруп баштаган. 2018-жылдын күз айларынан бери базардын жаңы соода имаратына жайгашуу үчүн орун талашуу маселеси курчуп келет.