Без рубрики

Владимир Зеленский парламентти таратты

Бүгүн, 20-майда президенттик кызматына салтанаттуу киришүү аземинде Владимир Зеленский Украинанын Жогорку радасын таратты. Мындан тышкары ал премьер-министр Владимир Гройсманга өкмөт менен отставкага кетүүнү сунуштады.

«Силер депутаттардын кол тийбестигин алып салуу боюнча жана мыйзамсыз баюу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзамды кабыл алышыңарды каалайм. Коопсуздук кызматынын башчысын, башкы прокурорду жана коргоо министрин иштен бошотууну парламенттен суранам. Мен Жогорку раданын 8-чакырылышын таратууну чечтим», — деди Зеленский.

Мындан тышкары ал Украинанын өкмөтүн сынга алды.

«Мен эч нерсе кыла албайбыз деген өкмөттү түшүнбөйм. Чындыкка коошпойт. Кыла аласыңар. Силер кагаз менен калем сапты алып кийинки шайлоону эмес, кийинки муундарды ойлогон адамдар үчүн орундарыңарды бошото аласыңар», — деп өкмөткө кайрылды президент.

Украинадагы президенттик шайлоонун алгачкы туру 31-мартта өткөн. 39 талапкер катышкан шайлоодо Зеленский шайлоочулардын 30,24 пайыз добушуна ээ болсо, Порошенко 15,95 пайыз добуш алып 2-турга өткөн. 21-апрелде шайлоонун 2-туру өтүп, Зеленский атаандашынан дээрлик 3 эсе көп добуш топтоп уткан.