Все новости

Японияда 50 жаштагы жаран аялдамада турган 19 адамды бычактап, кийин өзүн да бычактап салган

Японияда 50 жаштагы жаран аялдамада турган 19 адамды бычактап салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү жаранды полиция кызматкерлери кармашкан, бирок ал өзүн да бычактап салгандыктан, азырынча абалы оор деп айтылууда.

«Кылмышка шектүү аялдамада коомдук транспорт күтүп турган 19 адамды эмне себептен бычактаганы азырынча белгисиз. Бычакталгандардын арасынан 2 жабырлануучунун абалы өтө оор, анын бири — кичинекей бала. Окуя болгон жерден 2 бычак табылды. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.