Все новости

Ыкчам билдирүү: Дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлүүдө

Өлкөдө жаан жаап, тоолуу райондордо кар көчкүсү күтүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык өлкөдө 2019-жылдын 12-15-апрель күндөрү жаан жаап, тоолуу райондордо, тагыраагы Бишкек-Ош унаа жолунун 81-90-чакырымында, 132-чакырымында, 246-чакырымында кар көчкүсү жүрүүсү күтүлөт.
Андыктан унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керек.

Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Чүй, Талас облусунун ойдуң жерлерин суу капташы жана Ош, Баткен облустарындагы дарыялардагы суунун көтөрүлүшү ыктымал.

Ошондуктан калктуу пунткарда жергиликтуу элдер, мекеме ишканалар арыктарды тазалоо зарыл.