Биринчи Май райондук сотунда бала сатуу боюнча соттук отурум өттү. Сатып алган күбө наристе үчүн дарыгерлерге сүйүнчү гана бергенин айтты
Бүгүн, 10-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда ымыркайлардын сатылышы боюнча 7 кызматкердин үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды.
Соттук процессте окуянын күбөсү суралды. Күбө дарыгерлерден алып багып алган баласына документ жасатканын айтты. Бирок ал баланы сатып албаганын жана болгону сүйүнчү катары акча бергенин билдирди.
Ал эми судья болсо 17-апрелде мамлекеттик айыптоочу сөз сүйлөгөн соң чечим чыгарабыз деп билдирди.
Эске сала кетсек, милиция кызматкерлери тарабынан 2018-жылдын 7-сентябрында бала сатууга шектелип Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун гинекологдору кармалган. Кармалгандар, №1- үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 1 гинекологу, №18- үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 2 гинекологу, дагы экөө Бишкектеги төрөт үйлөрдүн биринин кызматкерлери экени айтылган.
Аларга «адам сатуу», «жасалма документ жасоо», «мыйзамсыз аборт жасоо» беренелери менен кылмыш иштери козголгон. Кийин үчөө соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.