Все новости

Ыссык-Көлдө окуучу бала көлгө чөгүп каза болду

Ыссык-Көл облусунун Каракол шаарында окуучу бала көлгө чөгүп каза болгон. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы айтты

Алардын маалыматы боюнча бул окуя 29-май күнү саат 17:40 чамасында Пристань-Пржевальск айылында болгон. Каза болгон бала 2004-жылкы А.Э. Бала көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат “102” кызматынан түшкөн. Издөөдө ӨКМдан жалпы 9 куткаруучу катышкан. Саат 19:57де баланын жансыз денеси көлдүн жээгинен табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

«Каза болгон окуучу классташ балдары менен көл жээгине эс алганы барган. Алар быйыл мектепте 8-классты аяктап, 9-класска көчүшкөн эле.

ӨКМнын кызматкерлери баланын денесин жээкке жакын 3 метрдей тереңдиктен алып чыгышкан. Ал чөгүп каза болгон аймак — булуң сыяктуу жер. Булуңдун 2 жээгинин аралыгы 12-13 метрдей болот. Жергиликтүүлөр ошол жерди сүзүп өтүп мелдешип же ойноп жүрүшөт. Классташтарын суракка алганда алар маркум аркы өйүзгө сүзүп баратып чөгүп кеткенин айтышты. Кырсык бирдиктүү реестрге каттоого алынып, экспертиза дайындалды», — деп Ыссык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматкери Сталбек Усубакунов кырсыкты тастыктады.