Без рубрики

Юстиция министрлиги Сагынбек Абдрахмановду КСДП партиясынын лидери катары каттады

Юстиция министрлигинин сайтында КСДП партиясы жөнүндөгү маалыматтар өзгөртүлдү

Ага ылайык партиянын жетекчиси катары Сагынбек Абдрахманов көрсөтүлгөн жана партиянын жайгашкан жери (юридикалык дареги) Эркиндик 45 деген дарек жазылган.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей 5-апрелде Спгынбек Абдрахмановдон КСДПнын жетекчисин, саясий кеӊештин курамын жана саясий партиянын жайгашкан жерин алмаштыруу жөнүндө маалымдама келип түшкөн.

«Ага партиянын 3-апрелде өткөн 18-съездинин протоколунун көчүрмөсү жана жаӊы жетекчинин (Сагынбек Абдрахмановдун) паспортунун көчүрмөсү тиркелген», — деп айтылат маалыматта.

Юстиция министрлигинин басма сөз катчысы Канат Султанов КСДП кайра каттоодон өтпөгөнүн, болгону министрликке түшкөн арыздын негизинде айрым өзгөртүүлөр гана киргизилгенин билдирди.

Сагынбек Абдрахманов «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеп, 3-апрелде «КСДПнын кезектеги 18-съездин» өткөргөн соң партиянын жетекчиси болуп шайланган.

Бул боюнча Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Ирина Карамушкина өз нааразычылыгын билдирди.
Анын айтымында Кыргызстан азыр парламенттик башкаруудан артка карай президенттикке кетип жатат.

《Атамбаевдин ордуна КСДПнин лидери болуп Сагынбек Абдрахманов жазылып жүрөт. Партиянын дареги да өзгөрүп кетиптир. Партияга болгон мындай наадандык мамилени көрө элек болчубуз. КСДПнин лидери болгудай Сагынбек Абдрахманов деген ким өзү?》- деди депутат.