Без рубрики

Замир Жоошев: “Өкмөттүн жана Президенттин аппаратынан 150 миллион доллар сарпталып даярдалган техникалык-экономикалык негиздеменин кагаздарын алдырыш керек”

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди (ТЭЦ) модернизациялоо боюнча уюштуруу иштеринин журүшүн караган соттук отурум улантылды.

Жактоочу Замир Жоошев ЖЭБди (ТЭЦ) модернизациялоо боюнча 150 миллион доллар сарпталган техникалык-экономикалык негиздеменин документтерин Өкмөттүн аппаратынан алдыруу боюнча жана башка далилдөөчү расмий кагаздарды Президенттик аппараттан алдырып келүү өтүнүчүн билдирди.

Сапар Исаков жактоочусунун өтүнүчүн колдоп Бишкек ЖЭБин (ТЭЦ) модернизациялоо иштерине даярдыктар 2013-жылдын башында башталганын айтып, ага карата даярдалган расмий документтер президенттин да, өкмөттүн да аппаратында бар экенин тастыктады.

Сот Замир Жоошев келтирген өтүнүчтү канааттандырып, макулдугун берди.

Эскерте кетсек, Бишкек ЖЭБин (ТЭЦ) модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иштери үч өндүрүшкө бөлүнгөн. Бүгүнкү соттук отурум ЖЭБди модернизациялоо боюнча көрүлгөн даярдыктардын уюштуруусу боюнча ишти кароону улантууда.

Маалым болгондой, 3-апрель күнү бир жактоочунун келбей калгандыгына байланыштуу соттук кароо 10-апрелге жылдырылган эле.