Без рубрики

Жаңы экономика министри дайындалды

Санжар Муканбетов Кыргыз Республикасынын экономика министри болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматы мамлекет башчысынын расмий сайтына жарыялады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Муканбетов Санжар Турдукожоевич Кыргыз Республикасынын экономика министри болуп дайындалды.

Буга чейин бул кызматта Олег Панкратов отурган эле. Ал 2015-жылы экономика министри болуп дайындалып, 2018-жылы экинчи жолу бул кызматты ээлеген.
Экономика министри кызматынан кетүү туурасындагы арызын Олег Панкратов 24-май күнү жазган. Анын айтымында кызматтан кетүүгө ага карата айтылган сын-пикирлер себеп болгон

«Акыркы учурларда менин дарегиме депутаттардан, президенттен жана Өкмөт башчысынан көптөгөн сын-пикирлер айтылды. Мен жаштарга жол берейин деп чечтим. Мамлекет башчысынын атына жазылган арызымды мен бүгүн (24-майда) Өкмөткө калтырдым.Отставканы кабыл алат деп ойлойм» деп Панкратов кызматтан кеткенин түшүндүргөн.

1972-жылы ошондогу Фрунзе шаарында төрөлгөн Санжар Муканбетов 2001-жылдан бери Каржы министрлигинин структурасында эмгектенген.

Ал 2007-2009-жылдары экономикалык өнүгүү министринин орун басары, ал эми 2010-2014-жылдары экономика министринин орун басары кызматтарында иштеген.

2018-жылдын 11-январында вице-премьер-министр болуп дайындалып, Өкмөттүн орун басары катары экономика тармагын көзөмөлдөгөн. 2018-жылдын 18-апрелинде Жогорку Кеңеш Сапар Исаковтун Өкмөтүнө ишенбөөчүлүк көрсөткөндүгүнө байланыштуу башка өкмөт мүчөлөрүндөй эле отставкага кеткен. Абылгазиевтин Өкмөтүнүн жаңы курамына Муканбетов кирбей калган.

Бирок, 2018-жылдын 27-апрель күнү Санжар Муканбетов каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалган.