Без рубрики

Жакында Индиянын Премьер-Министри Кыргызстанга келет

Нооруз майрамынын алдында Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Индиянын Тышкы иштер министри Сушма Сварадж айым менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда, жакында Индия тарап Кыргызстанга расмий иш сапары менен келээри белгилүү болду.

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле алдыда боло турган ШКУ Министрлер Кеңеши жана ШКУ Мамлекет башчыларынын саммити сыяктуу иш-чаралар талкууланды.                                                                                                                      Ушул жылдын июнь айында Индиянын премьер-министри Кыргызстанга расмий иш сапары менен келе турганы сүйлөшүү учурунда белгилүү болду. Ага карата даярдыктар эмитен жүргүзүлүүдө. 

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Индиялык кесиптеши Сушма Сварадж айым менен болгон баарлашууда эки өлкөнүн ортосундагы салттуу достук мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө, ошондой эле алдыдагы биргелешкен иш-чараларды ишке ашырууда жигердүү аракеттенүүгө өз ара багыт алуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.