Без рубрики

Жалал-Абад шаарынын мэри баатыр энелерден акча чогултканбы?

Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз жыйынында депутат Талант Баев шаар мэри көп балалуу энелерге “Баатыр эне” орденин тапшырууда апалардан 200 сомдон акча чогултуп алганын айтып сындады.

Анын айтымында мэрия ал акчага апалар үчүн жоолук сатып алган жана короодогу тикенектүү роза гүлдөрүн тапшырган.

“Гүл сатып алып убара болбопсуңар.Короодогу роза гүлдү тапшырыпсыңар,жок дегенде тикенегин жулуп койсоңор болмок. Баатыр энелерибизден 200 сомдон жыйнап алып ага жоолук алыпсыңар.Уялбайсыңарбы?! Болгону 7 эне “Баатыр эне” орденин алыптыр. Апаларыбызды сыйлоо аземин мыкты уюштурсаңар болмок” – деди депутат.
Өзүнө айтылган сынга далилдерди сураган шаар мэри кайсы кызматкер акча чогултуп алган болсо чара көрүлөөрүн айтып тим болду.

“200 сом чогултуп алган адамдын аты-жөнүн айтыңыздар,чара көрөлү. Тигил же бул айтты деп айта берүү туура эмес” – деди Мураталы Тагаев.

Жалал-Абад шаарынын тургуну 8 баланын энеси Жеңишгүл Акматова көп балалуу энелердин катарында “Баатыр эне” орденин алганын айтып, жоолукка деп 200 сомдон акча чогултуп алышканын ырастады.

“200 сом алып келгиле дешти. Букет гүлду да өзүңөр алып келесиңер дегенде мен, “өзүбүзгө өзүбүз гүл алып келмек белек, андай болсо гүл бербей эле койгула” дедим.Эшикте өсүп турган гүлдү үзүп колубузга карматып коюшту” – деди баатыр эне.