Все новости

Жалал-Абадда сел болду

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда үйлөрдү сел каптады

Сузак районунун Багыш айыл аймагына караштуу Караган жана Кызыл-Туу айылдарындагы 9 үйдүн короосун 10-апрелде тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен сел каптады.

Кырсыктын кесепетин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сузак райондук бөлүмүнөн тиешелүү техника тартылып, учурда 35 куткаруучу жергиликтүү тургундар менен чогуу иштеп жатышат.
Натыйжада селдин нугу башка каналга бурулуп, арыктын жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлдү.
Учурда селдин кесепеттери жана келтирилген чыгымдар аныкталып жатат