Без рубрики

Жалал-Абаддагы нефтебазаны өчүрүүгө Оштон жардам чакырылды

Министр Нурболот Мирзахмедовдун буйругу менен Ош облусунан кошумча өрт өчүрүү бөлүмү жана көбүк Жалал-Абадка алынып келинди. Бул жөнүндө өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Мунайды кайра иштетүүчү ишканадагы өрттү өчүрүүгө жалпы он бөлүм, эки автошаты тартылды. Мындан тышкары ӨКМдин ыкчам тобу, шаардык суу чарба башкармалыгынан үч суу ташуучу автоунаасы, РЭТ кызматынан бир бригада, «Тез жардам» кызматынан бир бригада, ИИМ кызматкерлери жана Жалал-Абад шаарындагы аэропорттон эки өрт өчүрүүчү автоунаа, Кочкор-Ата шаарындагы «Кыргызнефтегаз» ишканасынан өрт өчүрүүчү автоунаа тилсиз жоону өчүрүүгө азыркы тапта жардам көрсөтүшүүдө.