Без рубрики

Жалал-Абдтагы өрттөнгөн нефтебаза толугу менен өчүрүлдү

Нефтебазада башталган өрттү өчүрүүгө 17 техника, 170 тей кызматкер ишке тартылып, өчүрүү убактысы 9 саатка созулган.

ӨКМдин башкармалыгынын башчысы Равшанбек Ашырбековдун айтымында, күйүп кеткен нефтинин көлөмү болжол менен 1000 куб метрден ашык болушу мүмкүн. Өрт чыккан аймак толук курчоого алынган. Өрт кайра тутанбашы үчүн алдын ала чаралар көрүлгөнүн билдирди.

Ошондой эле, аталган башкармалыктын башчысы бул боюнча атайын комиссия түзүлөрүн, алар өрттүн келип чыгуу себептери, кеткен чыгым боюнча иликтеп чыгып, кошумча маалымат беришерин билдирди.

Эске салсак, кечээ 10- май күнү саат 9:59да Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абаддагы бөлүмүнө Шерматов көчөсүндө жайгашкан мунай базадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.