Без рубрики

Жеңиш Разаков катуу сынга калды

Кыргызстандагы социалдык тармактын колдонуучулары вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун ардагерлердин үйүнө бут кийимин чечпей кирип алганын сындап, нааразычылыгын билдиришүүдө.

Facebook менен Instagram социалдык тармактарында тараган сүрөттө вице-премьер Жеңиш Разаков менен өкмөттүн Талас областындагы өкүлү Мурат Мураталиев 9-май майрамы менен ардагердин үйүнө куттттуктап келгени менен, үйгө бутун чечпей кирип кетишкенин көрсө болот.

Интернет колдонуучулар вице-премьерди ардагерди куттуктап келип, бирок бут кийимин чечип кирген президент Сооронбай Жээнбеков менен салыштырышууда
Сүрөт жарыяланары менен социалдык тармактын колдонуучулары Разаков менен Мураталиев ардагерлерге сый көрсөтпөгөнүн айтып, түрдүү комментарийлерди жазып жатышат.