Без рубрики

Жогорку Кеңеш жаңы министрлердин талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш Самат Кылжыевди өкмөттүн аппарат жетекчиси, Санжар Муканбетовду экономика министри, Эркинбек Чодуевди айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри, Дастан Догоевди Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы кылып дайындоого макулдук берди.

Парламенттин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт ишенимди актоого аракет кыларын билдирди:

«Талапкерлерге ишенип, өзүм тандап алып келдим. Силер мага ишенип атасыздар, эми ишеничти чогуу актайбыз. Эл алдында уят болбогондой иштеп, бардык күчүбүздү, тажрыйба менен билимибизди жумшайбыз» — деди Өкмөт башчы.

Абылгазиев мурдагы экономика министри Олег Панкратов инвестиция тартуу жаатындагы кемчиликтери үчүн, мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев экспортко байланыштуу сын-пикирлерден улам, ал эми маалыматтык технологиялар жаатындагы жетекчилер кызматтык ишеним көрсөтпөөдөн улам жумуштан алынганын айтты.