Все новости

Жогорку Кеңеште Өкмөттү отставкага кетирүү маселеси көтөрүлдү

Бүгүн, 28-майда Жогрку Кеңештин Коргонуу, коопсуздук жана эл аралык мамилелер боюнча комитетинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди отставкага кетирүү маселеси айтылды.

Парламенттик комитеттин башчысы Исхак Пирматов өкмөт тарабынан коргонуу, чек ара маселелери боюнча эч кандай иштер аткарылбай жатканын, Баткендеги коңшу мамлекеттер менен аймакташ айылдардын жол маселелелери ачык турганын, чек арада улам ок атылып, элдер кооптонуу менен жашап жатканын айтты. Мындан улам аткаруу бийлигинин жоопкерчилигин кароо керектигин депутат белгиледи.
Исхак Пирматовду Абдувахаб Нурбаев, Карамат Орозова, Каныбек Иманалиевдер колдошту.

«Чек арага, коргонууга келгенде каражат жок, ал эми бажаларга болсо каражат табылат. Мындай мамиле кылууга болбойт, премьер-министр отставкага кетсин» -дешти депутаттар.

Жыйынтыгында Коргонуу, коопсуздук жана эл аралык мамилелер боюнча комитети Өкмөткө убакыт берип, катуу талап койду.