Бүгүн, 2-майда Жогорку Кеңештин жыйынында 30га жетпеген депутат катышууда. Ал эми катталган депутаттардын саны 86 деп турат
Күн тартибине ылайык жыйында 17 маселе каралмакчы. Алардын ичинде уран казуу маселеси боюнча өкмөт маалымат берет.
Учурда ар кандай маселелер каралууда.
Эскерте кетсек, 1-майда айтылуу Матраимовдордун Ошто өткөн тоюна бир топ депутаттар жана бийлик өкүлдөрү катышкандыгы туурасында расмий маалыматтар тараган. .