Без рубрики

Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкүл Чотоновдун ишин кайрадан карап, өкүм чыгарды

3-майда Жогорку Сотто абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши жаңы жагдайлар боюнча кайра карады

23-апрелде Жогорку сот саясатчылардын ишин карап баштап, 3-майда улана турганын айткан.

Бүгүнкү отурумга көпчүлүк элди сот залына киргизген жок. Журналисттерге да чектөө коюлуп, сот башталаардан бир саат мурун келип, алдын ала катталышы керектиги мурунураак эскертилген.

Текебаев менен Чотоновдун жактоочулары соттордон ишти кайра карап чыгуу эмес, кайрадан Биринчи май райондук сотуна жөнөтүүнү талап кылышты. Ошондой эле мамлекетке үй-мүлкүн чегерүү боюнча иштер туура эмес жүрүп жатканын эскертишти.
Жактоочу Кемелбек Жаныбеков: «Текебаев менен Чотоновдун мүлктөрү туура эмес конфискацияланган. 1990-жылы Жалал-Абад облусунун аймагынан алган жер тилке, 2004-жылы алган унаанын бул ишке тиешеси жок деди. Текебаев менен Чотоновдун иши жаңы мыйзамдарга ылайык каралышы керек. Үй-мүлкүн конфискация кылуу чечимди да жаңы мыйзам менен карап бериңиздер», — деди.

Мамлекеттик айыптоочу жактоочулардын келтирген дооматтарына каршы экендигин айтты.

«Айтылган дооматтар боюнча буга чейин ар бир инстанцияда, Жогорку Сотто да укуктук баа берилген. Дооматтар боюнча жактоочулар Башкы прокуратурага кайрылган. 2018-жылы Башкы прокуратура тарабынан баш тартылган. Жаңы мыйзам Текебаев менен Чотоновдун жазасын оорлотот», — деди прокурор.

Соттук коллегияда отурушкан Арзыбек Акыев, Жаңыл Мамбеталы жана Болотбек Батыралиевдер кеңешме бөлмөсүнө кирип, бир саатка жакын убакытта чыгышты.
Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновдун үй-мүлкүн конфискациялоо боюнча жактоочулардын сунушун канааттандырып, ал эми калган сунуштарды канааттандырган жок.