Все новости

Жол кырсыкта 2 полковник каза болуп, 2 офицер каттуу жараат алды

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгында, 2 полковник каза болуп, 2 офицер оор абалда ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык Бишкек-Ош унаа жолунун 97-чакырымында бүгүн, 20-майда таңкы саат 06:30дар чамасын катталган. «Мазда Демио” үлгүсүндөгү унаа токтоп турган жүк ташуучу унаанын артынан сүзгөн. Унаанын ичинде түштүктөн Бишкекке келе жаткан аскер кызматкерлери болгон.

“Алдын ала маалыматтар боюнча жеңил унаанын айдоочусу уктап кеткен», — деп билдиришти басма сөз кызматынан. Каза болгон жана оор абалда ооруканага жеткирилген адамдар Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабында иштешчү.