Все новости

Жыйында КР Юстиция министринин орун басары Максат Есеналиев Элдик Курултай жыйындарын өткөрүүнүн укуктук аспектилерине токтолду.

«Элдик курултай жөнүндөгү» КР мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн анын концепциясын тактоо менен элдик курултайды чакыруунун жана уюштуруу, өткөрүү тартибинин мыйзамдык мехнизмдерин аныктоо — максатка ылайык» — деп билдирди Максат Есеналиев.

Ал баса белгилегендей, Элдик курултайдын милдети эл менен бийликтин ортосундагы эки тараптуу байланыштарды жана пикир алмашууну орнотуу, ар түрдүү деңгээлдеги мамлекеттик органдарга чечимдерди кабыл алууда сунуштарды жана кеңеш берүү болуп саналат.

Талкуунун жыйынтыгында кийинки жыйында «Элдик курултай жөнүндөгү» мыйзам долбоорун тийиштүү тараптардын катышуусунда талкууну улантуу чечими кабыл алынды.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин 2019-жылдын 15-февралындагы №48 буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын элдик курултайларды өткөрүүгө болгон жарандардын укугу жөнүндө жоболорун ишке ашыруу максатында жумушчу топ түзүлгөн.
Анын курамына төмөнкүлөр кирген:

Дыйканбаев Курманбек Сапарович — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү, жумушчу топтун жетекчиси;

Есеналиев Максатбек Кульчороевич — Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:

Акматов Алмазбек Жумабекович — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Гайпкулов Искандер Торобаевич — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Кожоев Мирбек Кокулбаевич — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысынын орун басары — өнүгүү, мониторинг жүргүзүү секторунун башчысы;

Усубалиев Максат Абдыкадырович — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Мурзалиева Жыргал Нуржановна — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти;

Салиев Бахтияр Усманович — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;

Молдокасымов Кыяс Сатарович — Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» Фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

Турсунбек Акун — Борбордук Азия өлкөлөрүндө адам укугу боюнча конгресстин координатору (макулдашуу боюнча);

Кошалиев Кадыр Амиракулович — «Кыргыз жолу» бириккен руханий коомунун төрагасы (макулдашуу боюнча).