Все новости

Ошто кутурган ит жаш баланы тиштеп салды

Ош шаарында жаш баланы кутурган ит тиштеп салды. Бул тууралуу шаардын тургуну кабарлаган.

Анын айтымында, ит баланын бир нече жерин тиштеген.
«Ош шаарындагы ХБК кичи районунда кутурган ит, баланы тиштеп оозун, колун, көкүрөк тушун жана жамбашын тиштеп алыптыр.
«Тез жардам» кызматын жана милицияга чалганыбызга 1 саатка жакындап калды. Эч кимисинен дайын жок», — дейт шаар тургуну.