Все новости

Сапар Исаков финминдин өкүлдөрү жалган көрсөтмө берип жатканын айтты

Кечээ 29-май күнү Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча соттук отурум уланды.

Сот болуп жатканда Каржы министрлигинин 2 өкүлү Нурбек Мамасадыков жана Азамат Исаков жабырлануучулар катары сурак беришти.

Cоттук отурумда КРнын экс-премьер-министри Сапар Исаков жабырлануучулардын суроолорго так жооп бере албаганына нараазычылыгын билдирди.

«Мен Финминге кандайча зыян келтирилгенин түшүнгүм келет, бирок чынын айтканда, түшүнгөн жокмун. Адегенде мен кеңешип алгым келет. Мен сотко алгачкы жолу катышып жатам. Конкреттүү берилген суроого өкүл келесоолонумуш этип жатса, эмне кылуубуз керек? Ал тырмакчанын ичинде бир эле сөздү кайталап жатат, «биз айыптоочу тарапты колдойбуз» дегенден башканы айтпайт. Эгерде Финминдин өкүлү биздин суроолорго жооп бербей жатса, анда биз эмне кылышыбыз керек? Жоопту кайдан алабыз?», — деп Сапар Исаков нараазычылыгын билдирди.