Без рубрики

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе мыйзам чегинде жоопко тартылат

Экс-депутат Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе мыйзам чегинде жоопко тартылаарын УКМК билдирди

Бул туурасында SUPER.KG порталы жазып чыкты.
Бүгүн, 22-мартта SUPER.KG порталы УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Өмүрбек Бабанов туурасында айтканын жазып чыкты.

Маалыматта, кечээ 21-мартта депутат Кенжебек Бокоев «Республика-Ата Журт» фракциясынын айрым эл өкүлдөрү Орусияга барып, Бабанов менен жолугуп келишкенин айтканы жазылат. Бокоев Бабановдун өлкөгө жакынкы күндөрү кайтып келиши пландалып жатканын билдирген.

«Эгер Өмүрбек Бабанов өлкөгө кайтып келе турган болсо, ал мыйзам чегинде жоопко тартылат», — деди Сулайманов.

Буга чейин «Республика-Ата Журт» фракциясынын мурунку лидери, экс-депутат Өмүрбек Бабанов интернеттеги баракчасы аркылуу ал кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктап, «жакында көрүшкөнчө» деп жазган. Ал 2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек.