Без рубрики

Өткүрбек Жамшитов : “Батукевдин иши жандандырылды”

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүн Жогорку Кеңеште, өткөн 2018-жылы аткарылган иштер жана мыйзамдуулук боюнча отчет берди

Абактагы кримтөбөл Азиз Батукаевдин Кыргызстандын түрмөсүнөн чыгарылып кеткендиги боюнча иш жандандырылганын Өткүрбек Жамшитов депутат Зарылбек Рысалиевке берген жообунда айтты.

“Батукаевдин иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Жакында сизди күбө катары көрсөтмө берүүгө чакырабыз”- деди башкы прокурор депутат Зарылбек Рысалевди карап туруп.

Эске салсак, Нарын шаарынын соту 2013-жылы 9-апрелде Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечимин чыгарган. Азиз Батукаев “Манас” аэропортунун VIP залы аркылуу жеке менчик учак менен Грозный шаарына учуп кеткен.
Кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз бошотуу фактысына байланыштуу 2013-жылдын июлунда кылмыш иши козголгону менен токтотулган болчу.