Без рубрики

Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурум уланды

Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурум бүгүн 19-апрелде уланат.Бул боюнча Аида Салянова өзү фейсбук баракчасына жазды

Экс-башкы прокурор бүгүн Олег Тярт аттуу жаран сурак берээрин жазган.
Андан сырткары Аида Салянова бул кылмыштын артында “чоң адамдар” турганын жазып, иниси Улан Саляновдун өлүмүн саясий заказ катары сыпаттаарын билдирди.

Заказды ким бергени иликтенбей калганын кошумчалап, ошондогу президент Атамбаевдин жан сакчысы болуп жүрүп Ички Иштер министри да кызматында иштеген Улан Исраилов бул маселени аягына чыгарбай атайын айланып өткөн деди Салянова.

Андан сырткары экс-башкы прокурор УКМКнын мурдагы төрагасы Сегизбаевдин Абдыкулов деген жаран менен болгон байланышын эскертип, ал киши Москвада кармалганы менен аны Кыргызстанга алып келүү маселеси кечеңдеп жатканын айтты.
Аида Салянова инисинин өлүмүнө байланыштуу көп жагдайлар табышмактуу боюнча калып жатканын билдирди.

Эске салсак, Аида Салянованын иниси Улан Салянов 2017-жылдын 6-ноябрь күнү түндөсү өз үйүндө киши колдуу болуп каза тапкан. Белгисиз маскачандар андан акча талап кылып, андан соң эки жолу атып качып кетишкен.

Козголгон кылмыш иши 2018-жылдын 10-августунда Бишкектин Биринч май райондук сотуна жиберилип, биринчи соттук отурум 2017-жылдын 6-сентябрына коюлган.
Төмөндө Аида Салянованын социалдык тармактагы баракчасына жазган билдирүүсү толугу менен берилет.