Все новости

Изделип жаткан 5 жашар баланын жансыз денеси табылды

Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинен бери Ат-Башы каналына чөгүп кетип табылбай жаткан 5 жашар баланын жансыз денеси табылды

Баланы издөөдө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 100дөн ашуун куткаруучу тобу көп күндөн бери тынбай иштеп жаткан. Аларга воленторлор жардам берип жүрүшкөнү маалым.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык 5 жаштагы Б.Б. аттуу баланын денесин бүгүн, 19-апрелде саат 12:15 чамасында Чоң Чүй каналынан ӨКМнын суучулдары таап чыгышкан. Бала чөгүп кеткен жеринен 12-13 километр төмөн карай агып кеткени малым болду.

Чүйдүн Константиновка айылындагы Ат-Башы каналына чөгүп кеткен 5 жаштагы баланы издеп жаткан куткаруучулар 15-апрель күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жүргөн 29 жаштагы орус улутундагы эркек кишинин жансыз денеси таап чыгышкан.

Эске салсак, 5 жаштагы Б.Б.аттуу бала 11-апрель күнү Ат-Башы каналына чөгүп кеткен. Аны издөө иштерине жалпысынан 148 куткаруучу тартылган. Алардын 18и суучулдар болгон.