Все новости

Аялдын жансыз денеси суу жээгинен табылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Жалал-Абад областынын аймагынан дайынсыз жоголгон 58 жаштагы
аялдын жансыз денеси табылгандыгын SMI.KG редакциясына билдирди.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылынын 1961-жылы туулган Ш.Б. аттуу жашоочусу 24-апрель күнү дайынсыз жоголгон.

ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, 25-апрель күнү жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында саат 15:00дө Кара-Үнкүр дарыясынын жээгинен маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин жалпы 31 куткаруучу, ИИМден 25 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 33 адам тартылган деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.