Баткен облусунда эмдөө алган 15 окуучу ооруканага кайрылды
9-апрель күнү Баткен шаардык оорукананын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун адистери окуучуларды кезектеги эмдөөдөн өткөргөн.
3-орто мектептин 15 окуучусу эмдөөдөн кийин ооруканага кайрылган. Ал балдардын башы айланып келишкен, учурда төртөө жандандыруу бөлүмүндө. Ал эми калгандары болсо даарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүүдө.