Без рубрики

Бир жумадан бери изделип жаткан бала табылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, 19-апрелден бери сууга түшүп чөгүп кетти деп бир жумадан бери изделип жаткан баланын жансыз денеси табылды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман айылынын тургуну 2014-жылы туулган И.Э. аттуу жаш бала 19-апрель күнү саат 17:00дө өзү жашаган айылынын аймагында дайынсыз жоголгон.

Ошол күндөн бери издөө иштери жүргүзүлүп, бирок табылган эмес деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

24-апрель күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин жалпы 31 куткаруучу, ИИМден 25 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 33 адам тартылып издөө иштери улантылган.

Натыйжада, түштөн кийинки саат 15:00дө Кара-Үнкүр дарыясынын жээгинен баланын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди деп билдирет КР ӨКМнин басма сөз кызматы.