Все новости

Чек арада дагы бир жаңжал катталды

Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, 22-апрель күнү Тажикстандын Ворух анклавынын белгисиз жашоочусу Баткендин Ак-сай айылынын 8 жашар кичинекей тургунун кармап алып, Ворухтагы укук коргоо органдарына өткөрүп берген

 

Бул окуя боюнча чек ара кызматынан билдиргендей, бала тажикстандык укук коргоочулардын колунда жарым саат убакыт болуп, кийин кыргыз тарапка өткөрүлүп берилген.

Чек ара кызматы белгисиз тажик жараны Геревшин дарыясында суу системасы боюнча иштеп жүргөнүн маалымдады.

Кыргызстандык өспүрүмдү кармап алган белгисиз тажик жаранынын айтымында бала бир күн мурун анын экскаваторунун терезесин сындырып койгон.

Бала кыргыз тарапка кайтарылган соң, Ак-Сай айылынун 60тан ашуун тургуну чогулуп, анклавка барчу Ак-Сай-Ворух жолун жаап салышкан. Эки өлкөнүн чек ара кызматтары телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин абал жөнгө салынган.

Кыргызстандын чек ара кызматы учурда жолдор ачылганын жана абал туруктуу экенин маалымдады.