Без рубрики

Челябинск шаарынан келген расмий делегация Баткенге сапар алды

Россиянын Челябинск областынын экономикалык өнүгүү министри Сергей Смольников менен сырткы экономикалык байланыштар башкармалыгынын башчысы Дмитрий Глухарев Баткенге таанышуу максатында келишкен

Челябинскиден келген конокторду Баткен аэропортунан Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов жана Сүлүктүнүн мэри Рахманберди Абдыназаров тосуп алышты.
Россиялык делегацияны Өкмөттүн Баткен областындагы ыйгарым өкүлүнүн биринчи орун басары Жылдызбек Исакулов кабыл алып, эки тараптуу кызматташтыктын багыттары туурасында сөз кылышты.

Алыстан келген конокторго Баткен областынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү туурасында тасма көрсөтүлдү.

Министр Сергей Смольниковтун айтымында баткен областы агрардык аймак болгондуктан айыл-чарба продукцияларын төзмө-түз Челябинскиге ташыса болот.
«Баткен областындагы экологиялык жактан таза өстүрүлүп жаткан жер-жемиштер Россиянын Түштүк Урал аймагына жетпей, башка өлкөлөрдүн ишкерлери рынокту ээлеп алганы адилетсиз»-деди министр мырза. Буга байланыштуу Баткен менен Челябинскинин ортосунда жүк ташуучу ишкана ачуу зарылдыгы тургандыгын айтып, өз сунушун берди.