Без рубрики

Дамир Мусакеев кайрадан суракка чакырылды

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеев кайрадан Аскердик прокуратурага суракка чакырылды.

Чакыртма барагында ал күбө катары сурак берээри жазылган.
Мусакеев буга чейин 2 жолу Аскердик прокуратурага күбө катары сурак берип чыккан.
Аны эки себеп менен айыптап жатышат. Биринчиси — 9-башкармалыкты жетектеп турганда кызматтык батирлерди туура эмес тараткан деген, экинчиси — мыйзамсыз баюу.
Биринчиси боюнча сот жүрүп жатат, прокурорлор аны беш жылга эркинен ажыратууну жана 70 миң айып өндүрүүнү сурады.
Ал эми экинчиси боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.