Без рубрики

Курманкул Зулушев «КТ-Мобайл» боюнча депутаттык комиссияны жетектей турган болду

«КТ-Мобайл» компаниясынын каржылык ишмердигине байланышкан маселени иликтөө максатында Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлүп, анын башчылыгына депутат Курманкул Зулушев бекитилди

Ал эми комиссиянын курамына СДПКдан — Жанарбек Акаев, Сайдолимжон Джураев, Айнура Осмонова, Абтандил Кулбараков, «Республика – Ата-Журттан» — Марлен Маматалиев, Курманкул Зулушев, Мирлан Жеенчороев, «Кыргызстандан» — Алмазбек Баатырбеков, Таалайбек Масабиров, «Өнугуу – Прогресстен- Гульшат Асылбаева, Зиядин Жамалдинов, «Бир Болдон» — Акылбек Жапаров, «Ата Мекен» — Алмамбет Шыкмаматовдор мүчө болушкан.

Бул комиссия эми «Кыргызтелеком» ААКсынын алдындагы «КТ-Мобайл» уюлдук компаниясынын пайда болушу, анын каржылык операциялары тууралуу толук иликтеп чыкмакчы.