Без рубрики

Москвада “Ысык-Көл” туристтик форуму болуп өттү

Москвада «Күнөстүү Кыргызстан Ысык-Көл 2019» туристтик форуму болуп өттү деп жазат Азатттык. Иш-чара Москвада иштеген жердештердин «Ысык-Көл» коому тарабынан уюштурулган.

Москвадагы «Ысык-Көл» коомунун төрагасы Акбар Маразыков билдиргендей, Орусияда иштеген мигранттардын Кыргызстандагы облус жетекчилери — жергиликтүү бийлик менен тыгыз байланыш түзүп, мигранттардын аймактарды өнүктүрүүдө салымын күчөтүү менен Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды Орусияда жайылтууга, туризмди өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында уюшулган иш чара.

Форумга Кыргызстандан Ысык-Көл облусунун губернатору Акылбек Осмоналиев жана райондук акимдер, Ош облусунун губернатору Узарбек Жылкыбаев, Жалал-Абад облусунун губернаторунун орун басары чакырылган.

Иш-чараны өткөрүүгө Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги колдоо көрсөтүп, форумга элчи Аликбек Жекшенкулов катышты.

Москвадагы «Президент» отелинде 20-майда өткөн иш-чарага орус калаасындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, мигранттардын коомдук жана облустук уюмдарынын жетекчилери да чакырылган.

Форумдун катышуучуларына Кыргызстандын жети облусунан алынып келинген азык-түлүк, даамдар сунушталды.