Без рубрики

Руслан Казакбаев : «Бабанов жоопкерчиликтен качпайт, ал мыйзам алдында жооп берүүгө даяр»

Парламенттеги “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Руслан Казакбаев эки жума мурун Россияда Өмүрбек Бабанов менен жолукканын айтты

«Бабановко козголгон иш шайлоонун убагындагы саясий иш болгон. Улуттар аралык араздашууга шек келтирди деп иш ачылган. Бул иш боюнча эксперттердин корутунудусу УКМКга берилген. Мени таң калтырган жери, “Мыйзам алдында жооп берет”- дептир. “Тергөө иштери улантылат”- деп УКМК туура айтса болмок.Бабанов жоопкерчиликтен качпайт жана качкан эмес. Мыйзам астында жооп берүүгө даяр»-деди Руслан Казакбаев.

Руслан Казакбаев жакында депутаттар менен кошо Россия Федерациясына барган учурда Өмүрбек Бабанов менен жолукканын кошумчалап, ал жакын арада Кыргызстанга келем деген ниетин айткан.

«Кудай буйруса жакын арада Өмүрбек Токтогуловичти Кыргызстандан көрөбүз»-деди Руслан Казакбаев.