Без рубрики

Сооронбай Жээнблеков: Элди көчөгө чыгарып, бийликке кысым жасоо менен маселе чечем дегендер жаңылышат

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кенештин жыйынында сөз сүйлөп жатат.

Президенттин айтымында акыркы мезгилде коом өтө эле саясатташып кетти.

“Саясий партиялар акыркы күндөрдө кандайдыр бир кыймыл аракеттерди көрүп башташты. Демек, Кыргызстан эли биримдүүлүккө умтулуп жатат. Мамлекеттин бүтүндүгү эң башкы маселе” – деди президент.

Мамлекет башчысынын айтымында кыргыз эли тынчтык менен туруктуулукту жогору баалап, түрдүү провокацияларга алдырбаш керек.

“Өткөн кездешүүбүздө мен келечектеги ойлорум менен бөлүшкөм. Андан бери көп нерселер өзгөрдү. Тышкы саясат жаатында да көп алдыга жылуулар бар.Владимир Путиндин Кыргызстанга келиши менен биз Россия Федерациясынын аймагында жашап жана иштеп жаткан мекендештерибиздин көпчүлүк чечилбеген маселелерин чечүүгө жетиштик. Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү катары Россия өлкөбүзгө чоң колдоолорду көрсөтүп жатат” – деди мамлекет башчы.

Жакынкы кошуналар жана алыскы өнөктөш өлкөлөр менен болгон алакалар да бекемделип жатканын айтты.

“Биз мурда убада берген маселелердин үстүндө иштөөнү улантуудабыз. Туркия мамлекети менен өз ара түшүнүү мамилелери түзүлдү.Мен Си Цзиньпин мырза менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм. Натыйжада Кытай менен мамилелер бекемделип жатат. Быйыл Кытай лидери менен Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга келээри белгилүү болду.

Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнө өлкөбүзгө инвестиция тартуу боюнча тапшырмалар берилген” – деди президент тышкы саясат боюнча айткан сөзүндө.

Сооронбай Жээнбеков чегара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр дайыма жүргүзүлүп келгенин айтып, коррупция менен күрөшүү иштери улантылып жатканын кошумчалады. Андан сырткары өлкө башчысы экономика, сот реформасы, саламаттык сактоо, билим тармактарындагы жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында жылыштар болуп жатканын айтты.

Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөдү. Буга чейин ал 2018-жылдын 27-июнунда биринчи жолу Жогорку Кеңеште элге кайрылган эле.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык президент Жогорку Кеңештин жыйындарында чыгып сүйлөөгө укугу бар.Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзүн депутаттар талкуулабайт.