Все новости

Тилек Токтогазиев Эркинбек Чодуевди дебатка чакырды

Жеке ишкер Тилек Токтогазиев айыл чарба, тамак-аш жана өнөр жайы министри кызматына талапкер Эркинбек Чодуевди дебатка чакырды. Бул тууралу маалымат булактар жазып чыкты.

“Мен быйыл 29 жашка толом. 10 жылдан ашык бизнесте тажрыйбам бар. 2 миң сом менен ишти баштап, азыр миллиондук долбоорлорду ишке ашырып жатабыз. Эл аралык долбоорлорду дагы ишке ашырып жүрөбүз. Жашка карабай, стратегияны, программаны, тажрыйбаны бааласа жакшы болот эле. Мен системанын кишиси эмесмин. Системаны түп тамыры менен өзгөртөм.Тилекке каршы, премьер-министр системанын кишисин колдоду. Ал киши 5 жылдан бери айыл-чарба министрлигинде министрдин орун басары болуп иштеп жүрөт. Кризиске алып келген команда. Булар жоопкерчиликти алыш керек. Ошол үчүн, мен расмий түрдө Чодуев Эркинбек байкени ачык дебатка КТРКнын эфирине чакырам! Эл өзү тандасын»- деди Токтогазиев.

27-май күнү Сооронбай Жээнбеков айыл-чарба, тамак-аш, өнөр-жайы жана мелиорация министринин отставкасын кабыл алып, Нурбек Мурашевди кызматтан бошотту.