Все новости

Убакыт келди. КСДП төрдү бошотуш керек

Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев парламенттеги азыркы башкаруучу коалиция таркашы керек деп эсептейт

«Жогорку Кеңештеги азыркы коалициялык көпчүлүк мыйзамга дал келбейт. Ал коалицияга төрт фракция киргени айтылат, бирок «Республика — Ата Журт» фракциясы былтыр коштурулган болчу. Муну мыйзамга туура келбеген кадам деп эсептеш керек.

Мыйзам талабына ылайык, коалиция түзүлөт, эч кандай кемитүү же кошуу деген түшүнүк жок. Коалиция бир жолу түзүлөт, курамы өзгөргөндө жаңыдан түзүлөт.

Экинчиден, коалициянын негизин түзгөн фракциянын өз партиясы менен талаш-тартыш болгон учур жалпы Жогорку Кеңешке чоң зыян келтирет. Кеп эң чоң фракция — КСДП тууралуу болуп жатат. Убакыт келди, төрдү бошотуш керек. Убакытты созбой жаңы коалиция түзүшүбүз керек. Ага КСДПдан тышкары бардык фракциялар кошулушу керек» — деп бүгүн Исхак Масалиев айтты. Бул билдирүүгө КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жооп берди:

«Республика — Ата Журт» коалицияга кошулушуна мыйзам каршы эмес. Ал жерде «кошулууга болбойт» деген жазуу боло турган болсо, анда кошулбаса болмок. Кошулуу мыйзамдуу. Көпчүлүк коалиция бүгүн бар, иштеп жатат. Ал эми коалициянын ар бир фракциясы коалицияда болобу же болбойбу, өздөрү чечишет. Экинчиден, туура, КСДП бүгүн де-факто жана де-юре экиге бөлүндү деп айтсак болот: экс-президентти колдогондор жана бүгүнкү курсту, мамлекетте болуп жаткан иш-чараларды жана бүгүнкү бийликти биздин партиялаштар колдойт.» -деди ал.

Эске салскак 120 мандаттуу кыргыз парламентинде алты фракция бар. Алардын төртөө — КСДП, «Республика — Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» башкаруучу коалицияда. Ал эми «Ата Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» оппозициялык азчылыкта.